АКШнын Мамлекеттик департаменти өз жарандары үчүн 12-апрелде «Манас» аэропортунан Америкага чартердик рейс уюштурат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Рейстин убактысы жана маршруту өзгөрүшү мүмкүн. Азырынча болжолдуу маршрут Бишкек – Дүйшөмбү - Кабул – Дубай – Бужумбура – Банги аркылуу Вашингтондогу Даллес аэропорту болуп жатат.
Элчилик Бишкектен учуп кетүүнү каалаган АКШ жарандарын чартертик рейстин чыгымдарын төлөп бере турганын эскертет. Толук маалымат бул жерде.
Учурда коронавируска байланыштуу көпчүлүк мамлекеттер өз жарандарын чет өлкөлөрдөн алып кетүүгө аракет кылып жатат. (TSh)