Орусиянын Екатеринбург шаарынан чартердик рейс менен алынып келген кыргызстандыктардын биринен да коронавирус табылган жок. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:
«Биз алардын баарынан ПЦР анализ алганбыз. Баарыныкы таза чыкты».
6-апрелде Екатеринбургдан 17 кыргызстандыкты алып келген «Урал авиа жолдору» компаниясынын учагы менен кайра 35 орусиялык учуп кеткен.
17 адамды алгач текшергенде төртөөндө коронавирус инфекциясы бар болуп, акыркы жыйынтыктар күтүлуп жатканын 9-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирген.
Мекеменин маалыматына караганда, чет жакта жүрүп коронавирус табылган кыргыз жарандарынын жалпы саны бүгүнү күндө 31 адам.
Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус 298 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, айыгып чыккандардын саны 30дан ашуун.
Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар азыр да аэропорттордо Бишкекке чартердик рейс күтүп отурушат. Өкмөт аларды алып келүү мүмкүн эмес экенин билдирүүдө. (RK)