Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Оштун мэри коронавируска кабылган дарыгерлер менен сүйлөштү


Коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер. Нарын шаары. Апрель, 2020-жыл.
Коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер. Нарын шаары. Апрель, 2020-жыл.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов 10-апрелде Ошто коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлери менен онлайн сүйлөшүп, абалдарын сурады. Ал дарыгерлерди тезирээк айыгып кетишин каалай турганын айтты.

Мэр ошондой эле Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасында иштеген дарыгерлердин вирусту жугузганы тууралуу окуя атайын комиссиянын иликтөөсүндө экенин билдирди.

Мындан тышкары вируска кабылган дарыгерлерди карап жаткан медицина кызматкерлери менен да сүйлөшүп, кандай жардам керек болсо түз кайрылышса болорун айтты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» билдирди.

Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын 20 чакты кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алган деген күмөн менен обсервацияда жатат. Эки дарыгер коронавирус жугузуп алганы аныкталып, ооруканада. 8-апрелде вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алар ооруну ажы тойдон жугузуп келип, башка кесиптештерине да жугузганы маалым болгонун айткан. Дарыгерлер муну кескин четке кагып, оору Оштогу умрадан кайтып келип, коронавирус боюнча шектүү катары обсервацияга жаткандар менен байланыш учурунда жукканын айтып чыгышкан. Бул маселе учурда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын инспекциялык топтун иликтөөсүндө.

10-апрелдеги маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алган дарыгерлердин саны 39. Анын ичинен:
• Бишкекте – 8
• Чүй - 1
• Ош облусунда – 21
• Жалал-Абад облусунда – 8
• Баткен облусунда – 1 дарыгер коронавирус илдетин жугузуп алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG