Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Элчилик: «Шереметьевого» барган жарандарыбызды кайра хостелге алып келдик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын «Шереметьево» аэропортунун коопсуздук кызматы Бишкекке каттам күткөн кыргыз жарандарына ал жерге топтолууга уруксат берген жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова «Азаттыкка» билдиргендей, атайын уюштурулган хостелде жаткан кыргызстандыктар үч күн мурда аэропортко барышкан, бирок алар 10-апрелге караган түнү чыгарылды.

«Үч күн болду, биздин жарандар хостелден чыгып кеткен, - деди ал. - «Шереметьевонун» терминалдары жабык. Бирок «Б» деген терминалына барып отуруп жатышты. Биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлери аэропорт менен сүйлөшсө, күзөт кызматы «үч кишиден ашык чогулбасын деп жатабыз» деп макул болбой койду».

Байымбетованын айтымында, алардын баары кайра хостелге жеткирилди.

Акыркы жолу Москвадан Бишкекке 29-мартта 400дөн ашуун кыргыз жараны келген. Бирок, элчилик билдиргендей, 24-марттан бери турган 60-70тей адам калып калган. Алардын көпчүлүгү кыргыз диаспорасы даярдаган бекер хостелге жайгаштырылып, тамак-аш жана медициналык көзөмөл менен камсыз болуп жаткан.

«Шереметьеводон» чыгарылган кыргыз жарандары «Азаттыкка» түндө болгон окуя тууралуу видеолорун жөнөтүп жатышат. Ал видеолордон чемодандары менен чыгып бараткандар: «Мына, Кыргызстандын өкмөтүнүн колунан эч нерсе келбейт. Бизди орустар кууп жатат. Элчиликтен бир да киши жок. «Аэропорттон чыгаргыла» деген буйрукту элчилик өзү бериптир», - деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Элчилик «буйрук берилгени» тууралуу сөздөрдү негизсиз деп баалап жатат.

Коронавируска байланыштуу Орусия да, Кыргызстан да авиакаттамдарды убактылуу токтоткон.

Орусияда миллионго жакын кыргыз эмгек мигранты бар экени айтылып жүрөт.

9-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет жакта 42 өлкөдө кыргыз жарандары бар экенин, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG