Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

ОПЕК+ мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) жана мунайчы постсоветтик өлкөлөр тогуз сааттык талкуунун натыйжасында бейшембиде мунаса табышты. Ага ылайык, кара май өндүрүү май, июнь айларында күнүнө 10 миллион баррелге чейин азайтыла турган болду.

Ошондо эң көп Орусия жана Сауд Арабиянын өндүрүшү азаяат. Тагыраагы эки өлкө суткасына 2,5 миллион бочке аз сатышы керек.

Бул кадам коронавирус пандемиясынан жабыркап жаткан дүйнөлүк мунай базарын турукташтырууга багытталган.

ОПЕК+ (ОПЕК жана Орусия, Казакстан, Азербайжан) сүйлөшүүсүнүн соңунда келишимди башка да мунай өндүргөн мамлекеттер, анын ичинде АКШ колдой турганына ишеним артылды.

Анткен менен акыркы чечим Мексикадан көз каранды. Түндүк Америкадагы бул мамлекет азырынча мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтуудан баш тартып жатат.

Пандемияга байланыштуу суроо-талап азайып, мунайдын эң белгилүү «Brent» үлгүсү бир ай ичинде 50% арзандаган. Тактап айтканда 1-апрелде баррели 25 доллардан төмөн түшкөн. ОПЕК+ акыркы чечиминен кийин бир баррели 31 доллардан ашты.

XS
SM
MD
LG