11-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-4 үшүк жүрөт, күндүз 12…17;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-4 үшүк жүрөт, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 11…16;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…2, күндүз 14…16 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.