Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Жээнбеков Түрк кеңешинен кыргыз мигранттарына жеңилдик берүүнү суранды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринен кыргыз мигранттарына жеңилдик берүүнү суранды. Бүгүн уюмдун онлайн өткөн жыйынында сүйлөп жатып кыргыз президенти көптөгөн жарандар коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекенине кайта албай жатканын айтты:

«Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, сиздерге оор абалда калган кыргызстандык жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде, Кыргызстан өзүнүн аймагында мүчө мамлекеттердин жардамга муктаж жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бири-бирин колдоо жана биргелешкен аракеттер менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө тезирээк ийгиликке жетсе болорун белгиледи.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандын Нахчыван шаарында 10 жыл мурда кабыл алынган.

Түркияда расмий түрдө 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Көбү Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда.(RK)

XS
SM
MD
LG