Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Уюк байланыш кызматкерлерине өткөрмө кагаз берүү каралууда


Бишкек-Ош жолундагы блокпост. Март, 2020-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы блокпост. Март, 2020-жыл.

Ишмердүүлүктүн уруксат кагаз берилүүчү электрондук системасына банктардын, уюк байланыш ишканаларынын, жеке медициналык мекемелердин жана интернет-провайдерлердин кызматкерлерин ташууга уруксат берүүнү киргизүү маселеси каралат. Мындай сунуш Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын 10-апрелдеги жыйынында Бишкектин комендатурасына берилди. Комендатурага ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрү үчүн өткөрмө кагаз берүү иштерин күчөтүү зарыл экени эскертилди.

Мындан тышкары карантиндик посттор коюлган конуштар аркылуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды ташыган машинелердин, жазгы талаа иштерине тартылган айыл чарба техникасынын тоскоолдуксуз жүрүшүн көзөмөлдөө тийиштүү тармактарга тапшырылды. Мындай машинелер жана айыл чарба техникасы район жана облус аралык карантиндик посттордон да тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш экени айтылды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ага ылайык, ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнүн кызматкерлерине гана өткөрмө кагаздары берилген. Анын ичинде күч кызматтарынын, медицина, азык-түлүк соодасы, коммуналдык кызматтар, дарыканалар, азык-түлүк өндүргөн ишканалар, дыйкандар бар. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул тизмеде жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG