Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Улуттук банктын резерви 2,3 млрд. доллар


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул 9-апрелдеги көрсөткүч экенин Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 10-апрелде брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, жыл башынан бери Улуттук банк сомдун кунун кармап туруш үчүн 216,9 млн. долларды интервенциялады.

Жалпысынан жыл башынан бери доллардын сомго карата курсу 11,92% көтөрүлгөн.

Аида Карабаева банкка акча салган аманатчыларды кабатыр болбоого чакырып, бүгүнкү күндө Кыргызстанда банк системасы туруктуу тартипте иштеп жатканын эскертти. Анын сөзү боюнча, бардык каражаттар, пайыздарды кошо аманат боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык толук көлөмдө төлөнөт.

Улуттук банктын 10-апрелдеги көрсөткүчүнө ылайык, 1 АКШ доллары 77,8 сом, 1 евро 84,56 сом, 1 орус рубли 1,04 сом, ал эми 1 казак теңгеси 0,17 тыйын.

Бир нече жылдан бери 69 сомдун айланасында кармалып келе жаткан АКШ доллары 10-мартта кескин кымбаттап, 75 сомго чейин чыккан. Кийинчерээк дагы кескин көтөрүлүп, 85 сомго жеткен. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG