Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында жүк ташуу жана айдоочулардын жүрүшү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу керек деп эсептейт. Мындай сунушун ал 10-апрелде Евразия өкмөт аралык кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн жыйынында айтты.
Премьер-министр бүгүнкү күнү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өз ара сооданы тийиштүү деңгээлде сактоо ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттер үчүн өтө маанилүү маселе болуп жатканын, товарларды, биринчи кезекте азык-түлүктү тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи:
«Биз көптөгөн өлкөлөрдүн мисалында бул эрежелер дүйнөдөгү эл аралык соодага кандай таасир этип жатканын көрдүк. Логистикалык жол-жоболордон, товар ташуу убактысынан жалпы соода-экономикалык системабыз жана биздин интеграциядагы макроэкономикалык кырдаал көз каранды. Коронавирус инфекциясынын жайылышынын таасиринен улам орто мөөнөткө болжолду даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын иштеп чыгуу зарыл».
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын алуу максатында уюшулган, бирок кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет. (RK)