Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Түркиянын айрым шаарларында коменданттык саат жарыяланды


Муниципалдык кызматкер көчөдөгү мышыктарга тамак берүүдө. Түркия.
Муниципалдык кызматкер көчөдөгү мышыктарга тамак берүүдө. Түркия.

Түркиянын ички иштер министрлиги коронавирустун өлкөдө тез жайылышынан улам 11-12-апрелде өлкөнүн 31 ири шаарында жарандардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынды.

48 саат бою Стамбул, Анкара, Измир, Анталия жана башка чоң шаарларда жарандарга дарыканаларга гана барууга уруксат берилет. Коменданттык саат кирген 31 шаарда 64 миллиондон ашуун калк жашайт.

Коменданттык саат эрежелерин бузгандарга 60 доллардын тегерегинде айыппул салынат.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 10-апрелде COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны миңден ашты. Ал эми вирусту жугузуп алгандар 47 миңге жетти. Ошол эле маалда 2423 бейтап сакайып кетти.

Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

Түркияда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, эмгектенишет. (ElB)

XS
SM
MD
LG