Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

11-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамга жукту (видео)


OVID-19 вирусун аныктоочу тест-система. Иллюстрациялык сүрөт.
OVID-19 вирусун аныктоочу тест-система. Иллюстрациялык сүрөт.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Алардын арасында 12 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу 11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Жаңы катталган 41 адамдын ичинен:

Ош облусу - 18

Бишкек шаары - 12

Ош шаары - 6

Чүй облусу - 3

Нарын облусу - 2

Жаңы катталгандардын 22 си - аял, 19у - эркек.

Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.

Бир сутка ичинде беш бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу - 1, Жалал-Абад шаары - 3, Бишкек шаары - 1). Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG