Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

COVID-19 жуккан дарыгерлерге кенемте комиссиянын корутундусу менен төлөнөт


Кыргызстандык дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 вирусун жугузуп алган жана андан каза болгон медициналык кызматкерге компенсация атайын комиссиянын корутундусу менен төлөнөт. Бул тууралуу 11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

«Коронавирус жуккан дарыгерлерге азырынча компенсация төлөнө элек. Себеби, биз ар бир учур боюнча эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүп, комиссия сунуш бергенден кийин чечим кабыл алабыз», - деди Каратаев.

11-апрелге карата Кыргызстанда 51 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.

Кыргызстанда иш учурунда коронавирус жугузуп алган медициналык кызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация, ал эми оорудан көз жумган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт. Тиешелүү токтомду өкмөт кабыл алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG