Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Жек Манын гуманитардык жардамы эки шаар, үч районго берилди


Кытайдын эң бай адамы, «Алибаба» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма.
Кытайдын эң бай адамы, «Алибаба» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма.

«Алибаба» электрондук соода аянтчасынын түптөөчүсү,
кытайлык миллиардер Жек Манын кайрымдуулук фондунун Кыргызстанга берген гуманитардык жардамы Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Ала-Бука жана Ноокат райондоруна жиберилди.

««Алибаба» корпорациясынан келген медициналык каражаттардын калганы - беткаптар, коргоо кийимдери, термометрлер гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча министрликте түзүлгөн комиссия аркылуу бөлүштүрөт. Алар кайсы жерде керек болсо ошол жерге берилет», - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

20 млн. сомго бааланган медициналык каражаттар, анын ичинде бир жолу колдонуучу беткаптар, коргоочу кийим жана термометрлер Кыргызстанга 10-апрелде келген. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жүктү жеткирүүгө кеткен чыгымды да «Алибаба» компаниясы өзү көтөргөнүн билдирди.

Жек Манын кайрымдуулук фонду мындай жардамды Борбор Азиядагы беш мамлекетке берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG