Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси коронавируска каршы иштерге тартылган мамлекеттик кызматкерлер менен ыктыярчыларга 100 миң доллар бөлүп берет.
Республикалык штаб ал акчага бир жолку медициналык комбинезондор, N95 респиратордук беткаптар, мээлей, коргоочу көз айнектер, термометрлер жана башка биринчи зарыл болгон каражаттар сатылып алынарын кабарлады.
11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.
COVID-19 вирусу жуккандардын 51 медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты. (BTo)