12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Алардын арасында 12 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
«Вирус жаңы табылган адамдар обсервацияда жатышкан. Ошондуктан кооптонууга, тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Бирок карантиндин жоболорун так сактоого баарыбыз милдеттүүбүз», - деди Каратаев.
Жаңы катталган 38 адамдын ичинен:
Ош облусу - 3; Бишкек шаары - 5; Ош шаары – 12; Чүй облусу - 3; Нарын облусу – 13; Ысык-Көл облусу – 2.
Жаңы катталгандардын 25и аял, 13ү эркек.
Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 377 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.
Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу - 5, Жалал-Абад - 5). Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 54 бейтап айыгып чыкты. (BTo)