Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

COVID-19 жуккан медкызматкерлердин саны 63 кишиге жетти (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус табылган 38 адамдын 12си - медицина кызматкерлери. Алардын ичинен бир дарыгер Бишкек шаарында, беш дарыгер Нарын облусунда жана алты дарыгер Ош шаарында. Ушуну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 63 болду.

Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар.

Бул тууралуу 12-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

12-апрелде Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 377 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө. 54 бейтап айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG