Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

ИИМ: 12-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 95 киши бузду


Жалал-Абаддагы блокпост. 3-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абаддагы блокпост. 3-апрель, 2020-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, өткөн сутка ичинде өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 95 киши бузду.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында - 66, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад шаарында - 8, Сузак районунда – 16. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулду. Сегиз автоунаа айып токтотмосуна коюлду. Ал эми Кара-Суу, Ноокат райондорунда тартип бузуу катталган жок.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери тартип бузгандарга 2000ге жакын протокол түзүлгөнүн айтты. Алар Тартип бузуу жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00 - 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү. (BTo)

XS
SM
MD
LG