Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Британия кыргызстандыктардын визасын узартты


Британия.
Британия.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Британиядагы кыргызстандыктардын визасын узартканы үчүн аталган өлкөнүн бийлигине ыраазычылыгын билдирди.

Бул тууралуу Айдарбеков Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Уэнди Мортон менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты.

Британияда ушу тапта 2000ге жакын кыргызстандык жашайт. Алардын ичинде жогорку окуу жайларда окуган студенттер бар. Авиакаттамдар токтотулгандыгына байланыштуу Британия кыргызстандыктардын визасын узартууну чечкен.

XS
SM
MD
LG