Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 10:48

ДССУ Беларусту коронавируска каршы күрөшкө даярданууга чакырды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз жыйыны. 11-апрель, 2020-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобунун жетекчиси Патрик О'Коннор беларус бийлигине кайрылып, коронавирус илдети күч алып кетиши ыктымал экенин эскертти. Ал абалдын алын алып, өлкөдө ооруканаларды даярдоого чакырды.

ДССУнун эксперттер тобунун адистери 9-майга белгиленген Жеңиш парадын жана башка иш-чараларды да токтотуу зарылдыгын айтышты.

Беларустун Коргоо министрлигинин өкүлү Владимир Караник Жеңиш майрамына даярданып жатышканын, "карантин илдетти токтото албай турганын" айтты.

Апрель айынын башынан бери Беларуста коронавирусту жуктурган адамдардын саны 2226га жетти. Алардын арасынан жүздөн ашыгы медицина кызматкерлери болуп чыкты. 20дан ашык адам көз жумду. (YI)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG