Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Караколдо санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери жетекчисин айыпташты


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери коронавируска каршы күрөш боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Алардын кайрылуусун укук коргоочу Камил Рузиев «Фейсбукка» жарыялады.

Кайрылууда Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун жетекчиси Нуркемел Бектуров дезинфекциялоо иштерине тартылган жумушчуларга коргоочу кийимдерди бербей жатканы айтылган. Ошондуктан алар бир жолу колдонулуучу коргоочу кийимдерди жууп кийгенге мажбур экенин билдиришкен.

«Бир эле респираторду бир нече кызматкер алмак-салмак колдонууга туура келүүдө. Бул гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Жөнөкөй гана медициналык беткаптар берилбейт. Башкы дарыгер «беткапты ооругандар гана тагынат» деп жүйө кылат. 200 даана беткапты өзү жана үй-бүлөсү үчүн алып кетип калган. Кийин аны «кызматкерлер алган» деп жазып коёт», - деп айтылат кайрылууда.

Бул тууралуу Нуркемел Бектуров өзү жана Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери бул маалыматтарды четке какканын «Твиттерге» жазды. (BTo)

XS
SM
MD
LG