Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

ИИМ: 13-апрелге караган түндө 88 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду


Сузактагы блокпост. 4-апрель, 2020-жыл.
Сузактагы блокпост. 4-апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарында 56, Жалал-Абад шаарында 10, Ош шаарында 16, Кара-Суу районунда 1, Сузак районунда 5 адам коменданттык сааттын талаптарын бузуп, саат 20:00дөн кийин көчөдө жүргөн. Ал эми Ноокат районунда тартип бузгандар катталган жок.

Үч автоунаа атайын айып токтотмосуна коюлду. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин 2472 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Кармалгандарга коменданттык сааттын талаптары жана эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат бүтөрү менен бошотулду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адамдар 18-мартта аныкталган. 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. Коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Анын талабына ылайык, саат 20:00-07:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрүшүнө тыюу салынат.

13-апрелде Кыргызстанда COVID-19 дагы 42 адамдан табылды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 419 болду, беш киши каза болду, 67 бейтап айыгып чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG