Кыргызстанда каалоочулардын баары коронавируска текшерилсе боло тургандай шарт түзүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу 13-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, ушу тапта жеке лабораториялар менен сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Шарт пайда болсо маалымат берилет, каалоочулардын баары коронавирус бар-жогун өз алдынча текшертип алса болот.
«Айрым ири жеке лабораториялар менен байланыштабыз. Изилдөө уюштурууга аракет кылып жатабыз. Себеби артыкчылыктуу максатыбыз – ооруга чалдыккандарды жана алар менен контактта болгондорду болушунча көбүрөөк аныктоо», - деди ал.
Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тогуз вирусологиялык лаборатория иштеп жатат, алардын үчөө экспресс-диагностика жүргүзүүдө.
Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус 419 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты.
Оорусу тастыкталган адамдар менен контакт болгондордун соңку жалпы саны 6 899 адам, алардын 1 359у жакындары. Обсервацияда 947 адам жатат. (RK)