Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

ОПЕК+ мунай өндүрүүнү азайтуу тууралуу макулдашты


Саудиянын энергетика министри, ханзаада бин Салман аль-Сауд менен Орусиянын энергетика министри Александр Новак.
Саудиянын энергетика министри, ханзаада бин Салман аль-Сауд менен Орусиянын энергетика министри Александр Новак.

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) жана мунай экспорттогон башка өлкөлөр кара май өндүрүүнү суткасына 9,7 миллион баррелге чейин азайтууну макулдашты. Бул чектөө майда жана июнда да аткарылышы керек.

Мунай экспорттоочу өлкөлөр 2022-жылдын апрель айына чейин мунай өндүрүшүн акырындык менен азайтат.

Трамп «Твиттердеги» баракчасына: «ОПЕК+ уюму менен Чоң Мунай Келишими түзүлдү. Бул АКШнын энергетика тармактарында жүз миңдеген жумуш орундарын сактап калууга жол ачат» деп жазды. Кошмо Штаттардын президенти Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиясынын падышасы Салманга ыраазычылык билдирди.

Келишимге 23 өлкө кол койгон. Буга чейин ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн 10 миллион баррелге чейин азайтууну көздөшкөн болсо, 12-апрелдеги келишим учурунда 9,7 миллион баррелге чейин төмөндөтүүгө макулдашты. Себеби Мексика өз позициясын өзгөртпөй, 400 миң баррел квотага макул болгон эмес.

Ирандын мунай министринин сөзүнө караганда, Мексика май жана июнь айларында мунай өндүрүшүн суткасына 100 миң баррелге азайтат. Калган 300 миң баррелди Мексинанын ордуна АКШ азайтууга убада берди.

ОПЕК+ өлкөлөрүнүн кийинки видеоконференциясы 2020-жылдын 10-июнунда өтөт.

XS
SM
MD
LG