Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Дастан Бекешев дарыгерлерди коргоо жөнүндө токтом долбоорун сунуш кылды


«Ооруну башка жактан жугузган» деп айыпталган дарыгерлердин кайрылуусу. Ош шаары. 8-апрель, 2020-жыл.
«Ооруну башка жактан жугузган» деп айыпталган дарыгерлердин кайрылуусу. Ош шаары. 8-апрель, 2020-жыл.

Токтомдун долбоору «Медицина кызматкерлерине басым жөнүндө» деп аталат. Анын демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул токтом коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин колдоо үчүн зарыл.

«"Дарыгерлер вирусту иш үстүндө эмес, өзүнчө жугузуп алышты" деген маалымат айтылды. Өкмөт "аны иликтейбиз" деди. Экинчиден Ысык-Атада дарыгерлерге тиешелүү коргонуучу каражаттар жетишсиздигин жазган дарыгер Бектур Апышев кийин кайра жазганын жокко чыгарып, кечирим сурап жатат. Ошондуктан, мындай шартта биз медицина кызматкерлерин ар тараптан колдоого жана коргоого алууга тийишпиз», - деди Дастан Бекешев.

Депутаттын айтымында, токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетине жиберилди, аталган комитет бул маселени 14-апрелде карашы күтүлүүдө. Эгер комитет жактырса, токтомдун долбоору 15-апрелде парламенттин жалпы отурумунда каралат.

Токтомдун долбоору боюнча өкмөт:

- COVID-19 илдетин жугузуп алган бардык медицина кызматкерлерине кенемте төлөп берүүгө;

- медициналык кызматкерлер илдет жугузган ооруканалардын жетекчилеринин ишине кызматтык иликтөө жүргүзүүгө;

- бардык мамлекеттик органдарды маалыматтарды тез, туура жана так жеткирүүгө милдеттендирүүгө;

- 1-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун дарыгерди «вирусту башка жактан жугузуп келип, кесиптештерине да жугузган» деп айыптаганын кызматтык иликтөөгө алууга жана анын жыйынтыгын жарыялоого;

- дарыгерлерди коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылууга жана бул жөнүндө коомчулукка так, туура маалымат берүүгө милдеттүү.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) баштаган күч түзүмдөрү медицина кызматкерлерине басым жасап, куугунтуктоону токтотууга тийиш.

Башкы прокуратура:

- Чындыкты айткан медицина кызматкерлерин куугунтуктап, кечирим сураткан УКМК кызматкерлеринин ишине укуктук баа берүүгө;

- Укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө жана медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын тебелеген, жарандардын укугун бузган фактыларга жол бербөөгө милдеттүү болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG