Кыргызстандагы “Юристтер адам укугу үчүн” коомдук фонду өзгөчө абал учурунда адамдардын медициналык жактан тейлениши кандай болуп жатканы тууралуу изилдөө жүргүздү. Жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана комендатуралар бул жаатта жарандардын мамлекет кепилдеген укугун камсыз кылышы керектиги айтылды.
Өзгөчө абал жарыялоо аргасыз кадам экени, бирок ал Конституциянын 47-беренесиндеги саламаттыкты сактоого болгон фундаменталдуу укукту чектебеши керектиги белгиленди.
Уюмдун маалыматына караганда, азыркы кырдаал комендатуралар жана министрлик адамдын өзгөчө абалда медициналык жардамга өз учурунда жана тиешелүү деңгээлде ээ болуусун туура уюштура албай жатат. Буга юристтерге күн сайын кеп-кеңеш сурап кайрылгандардын көбү саламаттыкты сактоо маселесине байланыштуу болуп жатканы далил экени айтылды.
Ошондуктан юристтер бардык медицина жайларын коргонуу каражаттары менен толук камсыздап, бейтаптардын кайсы жерде дарыланууну тандоо укугун өзүлөрүнө берүүнү сунуш кылышты.
13-апрелде саламаттыкты сактоо министрлиги гуманитардык жардамга келген медициналык каражаттар жетиштүү экенин, зарыл болсо аларды кайра бөлүштүрсө болорун билдирди.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган. (RK)