Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Баткен менен Ошко дарыгерлердин кошумча бригадасы жөнөп кетти


13-апрель, 2020-жыл. Саламаттык сактоо министрлигинин сүрөтү.
13-апрель, 2020-жыл. Саламаттык сактоо министрлигинин сүрөтү.

Коронавирус көп катталып жаткан аймактарга Бишкектен дарыгерлердин дагы эки бригадасы жөнөп кетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 13-апрелде жөнөп кеткен медицина кызматкерлери Ош жанан Баткен облустарында бир айдан иштешет. Ал жакка өз ыктыяры менен кетишкенин маалымдаган министрлик бригаданын курамында инфекционисттер, эпидемиологдор, анестезиологдор жана реаниматологдор бар экенин кошумчалады.

Алар аймактардагы кесиптештерине COVID-19 илдетинин алдын алуу жана дарылоо иштерине жардамдашат.

Буга чейин Бишкектен эпидемиологиялык абал оорлогон аймактарга төрт бригада кеткен.

Жалпысынан 13-апрелге карата коронавирус жуккандар 419 болду, каза болгондордун саны - 5, айыгып чыккандар - 67.

419 адамдын эң көбү Ош облусунда, 128 адам катталды. Андан кийин Жалал-Абад облусунда 91, Бишкек шаарында 69, Ош шаарында 59, Нарын облусунда 34, Чүй облусунда 27, Ысык-Көл облусунда 6, Баткен облусунда 5 адам илдет жугузган.

Ооруну жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 79 адамга жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG