Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

ЖАМК: «Кимсанов сабалды» деген маалымат жалган


Эмилбек Кимсанов (Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды).
Эмилбек Кимсанов (Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды).

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов "тергөө абагында сабалды" деген маалымат жалган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 13-апрелге караган түнү «Эмилбек Кимсановдун өмүрүнө коркунуч туулду» деген маалымат чыгаары менен ЖАМКтын атайын тобу барып, анын абалынан кабар алып келген.

«Биздин атайын ыкчам топ барып, Кимсановго жолугуп келди. Ал өз колу менен түшүнүк кат жазып бериптир, анда эч кандай коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү болбогонун, эч кимге доосу жок экенин жазып берген. Тергөө абагынын коридорлорунда түнү-күнү камералар онлайн тартипте иштейт», - деди Самат Калыков.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов 13-апрелге караган түнү сабалганы тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Маалыматка ылайык, түнкү саат үч чамасында атын атагысы келбеген бирөөлөр телефон аркылуу Эмилбек Кимсанов камалып турган камерага үч киши киргизилгенин, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билдиришкен.

«Мен ЖАМКтын нөөмөт бөлүмүнө чалсам, «иш убактысы бүткөнүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүлбөйт» деп жооп беришти. Анда тергөө абагынын нөөмөтчүлөрү эмнеге отурушат? Мамлекет Кимсановду абакка камаган соң, анын коопсуздугуна жана саламаттыгына да жооп берүүгө тийиш»,- деп белгилеген адвокат.

Кимсановдун аялы Мария Заворотняя "Фейсбук" баракчасына "10-апрелде менин күйөөмдү тергөөгө алып келишкен. Адвокат анын СИЗОдо сабалганынын далилдерин сүрөткө тартып алган" деп жазып, Кимсановдун колунун каруусу көкала болгон сүрөтүн жарыялады.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ал башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде «Азаттык» радиосуна маалымдады. Сот мындай өтүнүчтү Башкы прокуратура бергенин билдирди. Ишти тергеп жаткан ИИМ да, Башкы прокуратура да буга түшүндүрмө бере элек.

Эмилбек Кимсановдун өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын анын адвокаты жана жакындары өткөн аптада да билдиришкен. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG