Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Анжиянда COVID-19 жуккан 90 кишинин 78и медицина кызматкерлери


Өзбекстанда 30-марттан 20-апрелге чейин жеке менчик транспортту колдонууга тыюу салынган.
Өзбекстанда 30-марттан 20-апрелге чейин жеке менчик транспортту колдонууга тыюу салынган.

Өзбекстандын Анжиян облусунда коронавируска чалдыккан 90 бейтаптын 78и медицина кызматкери экени белгилүү болду. Бул тууралуу 12-апрелде облустун акими Шухрат Абдурахманов элге кайрылганда айтканын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Андан мурда Наманган облусунун башчысы Хайрулло Бозоров коомчулукту коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырган. Аким COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптар аны кайдан жугузуп алганын билбей турганын айткан.

13-апрелдеги расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 896 адамга жетти. 66 бейтап айыгып чыкса, төрт киши көз жумду.

Өзбекстанда коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча атайын республикалык комиссиянын чечими менен 30-марттан 20-апрелге чейин бардык аэропорттор өз ишин токтотту. Ошондой эле бул маалда жеке транспортту колдонууга да тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG