Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:27

ТИМ Кытайдан медициналык каражаттарды алып келүүчүлөрдү эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай өкмөтү 10-апрелден тартып медициналык каражаттарды сыртка экспорттоодо айрым товарлардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөл кылууну чечкен. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык ишкерлерге Кытайдан төмөндөгү товарларды алып чыгууда бул өлкөнүн бажы кызматтарынын талаптарын эске алууну эскертти. Маалыматка ылайык, Кытайдан:

- медициналык беткаптар:

- коргоочу кийимдер;

- инфракызыл тап өлчөгүчтөр (термометр);

- дем алдыруучу аппараттар;

- медициналык баш кийим, көз айнек, кол кап, бахила;

- мониторлор;

- залалсыздандыруучу каражаттар жана утурумдук кол жоолуктар Кытай бажысынын коопсуздук жана сапат көзөмөлүнөн өткөрүлүүгө тийиш.

Мындан тышкары Кыргызстанга жүк алып чыгуучу ишкерлер жүктүн ар бир килограммына чейин уруксат берүүчү зарыл документтерди камсыздоого милдеттүү.

Бул жоболорду аткарбаган ишкерлер Кытайдан товар экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болуп калышы мүмкүн, деп эскертти Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кытайдан Кыргызстанга товар алып кирүүнү жандантуу максатында чек арадагы «Эркечтам» бажы бекетин ачууну кыргыз өкмөтү өткөн жумада кытай бийлигинен өтүнгөн. Азырынча кытай тараптан кандай жооп болгону тууралуу расмий маалымат айтыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG