Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Кубатбек Боронов дарыгерлерден кечирим сурады (видео)


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Коронавируска каршы республикалык штабды жетектеп жаткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов илдет жуккан медицина кызматкерлери анын сөзүн туура эмес түшүнүп алышкан деп эсептейт. 13-апрелде Боронов брифинг учурунда бул маселеге токтолуп, кимдир-бирөөнүн аты-жөнүн же купуя сырын атабаганын, бирок аны социалдык түйүндөрдө айыптап жатышканын белгиледи.

Боронов бирөөнү ашкерелөө максаты болбогонун, коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин гана эмес, баарын ишин так аткарып, ооруга чалдыкпаш үчүн алдын алуу чараларын көрүүгө чакырганын кошумчалап, айткан сөзү үчүн кечирим сурады:

«Мамлекетибиздеги жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурайм. Эгер ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирсе, туура түшүнүңүздөр, андай ой менен айтылган эмес. Медицина кызматкерлерине биз ар дайым колдоо жана жардам көрсөтөбүз».

8-апрелде Боронов айрым медицина кызматкерлери ооруну иштен эмес, сырттан жугузганын айткан:

«Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир дарыгер умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы такталып жатат. Ал өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жугузганы боюнча министрлик маалымат берди».

Бул билдирүү дарыгерлер арасында нааразылык жараткан.

COVID-19ду жугузуп алып, ооруканада жаткан дарыгерлердин бири Гүлүмкан Аматова «Азаттык» радиосунун кабарчысы менен байланышканда Бороновдун сөзү тууралуу: «Ошондой адаштырган маалымат бизге абдан катуу тийди. Чындыкты бербей, ушундай кылып коюшту» деген.

Акматова: «Биз ошол умрадан келгендер жаткан обсервацияга барып, анализ алган дарыгердин жанында отуруп, жугузуп алдык да. Ошол жерге жибергенден кийин аны да 14 күн обсервацияга алыш керек болчу. Чындыкты айтыш керек, башында жанагы шарт, эрежелер сакталган эмес, «бара бергиле, ала бергиле» деп коюшкан», - деп айткан.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты.

419 адамдын 79у медицина кызматкери. Арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG