Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Боронов: медициналык жеке коргоочу каражаттар жетиштүү


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык каражаттардын кору тууралуу маалымат берди.

Анын сөзү боюнча, өлкөдө бир жолу колдонулуучу 16 миң 388, көп жолу колдонулуучу 13 миң 60 коргоочу костюм бар. Андан тышкары 792 миң 836 медициналык беткап, 410 миң 692 бахила, 6 579 медициналык көз айнек, 6 млн. 259 миң 603 мээлей, 41 миң 611 респиратор бар.

Боронов медицина кызматкерлерин жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу республикалык штабдын көзөмөлүндө экенин, аймактарда болсо жооптуу кызматкерлер иштеп жатканын айтты.

«Эгерде кайсы бир аймакта медициналык кызматкер коргоочу каражаты жок иштеп жаткан болсо - бул ошол аймактагы жетекчинин кемчилиги. Себеби, биз аймактардын жетекчилеринен, саламаттык сактоо тармагындагы башчылардан эмне жетишпей жатканын сурап, медициналык каражаттар менен камсыз кылып жатабыз», - деди Боронов.

Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG