Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

ТИМ: Соль-Илецкиде чек арадан өтө албай калган 110 кыргызстандык бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-апрелдеги маалымат боюнча Орусиянын Соль-Илецк шаарында Казакстандын чек арасынын ачылышын күтүп 67 автоунаа жана 110 кыргыз жараны турганын билдирди.

Тышкы саясат мекемеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдындагы штабдын мүчөлөрү Оренбург облусунун жана Соль-Илецк шаарынын жетекчилиги менен жолукканын кабарлады.

Жергиликтүү дарыгерлер кыргызстандыктардын ден соолугун текшерип жатышканын, саламаттыгынын начарлашы боюнча кайрылгандар болбогонун айтышкан.

ТИМ мекендештерге Казакстандын чек арасы жабык болгондуктан Кыргызстанга чыгып кетүү мүмкүн эмес экенин эскертти. Министрлик кыргыз жарандары тамак-аш, керектүү медициналык каражаттар менен камсыздылганын кошумчалады. (BTo)

XS
SM
MD
LG