Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:05

Боронов: ун өндүрүүчүлөргө 220 миллион сом берилди


Талаага дары чачып жаткан трактор. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Талаага дары чачып жаткан трактор. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт кабыл алган чечимге ылайык, акча «РСК» банк жана «Айыл банк» аркылуу берилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин тармактык комитеттеринин жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча бул эң ириде ун таңсыктыгына жол бербөө максатында көрүлгөн чара.

Биринчи вице-премьер-министр жазгы талаа иштерин толук жүргүзүш үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын да кошумчалады:

«Күйүүчү май 80% камсыздалды. Айыл чарба министрлиги Мунай ташуучулар ассоциациясы менен келишим түзгөн, күйүүчү май менен камсыздоодо маселе болбойт. Минералдык жер семирткичтер менен да камсыз болот, келишимдер түзүлгөн. АКШ долларынын кымбаттап кеткенине байланыштуу жер семирткичтин баасы орто эсеп менен 4 сомго көтөрүлдү».

Бороновдун маалыматына караганда, быйылкы жазгы талаа иштерине айыл чарба техникасы да даяр. Аймактардагы МТСтерге 337 млн. сомдук техника лизингге берилди. Боронов азыркы эпидемиологиялык кырдаал дыйканчылыкты жүргүзүүгө тоскоол болбошу керек экенин билдирди.

Коронавируска байланыштуу өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалдан улам, дыйкандар жазгы талаа иштерине тоскоолдуктар болуп жатканы тууралуу нааразылыгын айтып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG