Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди шалаакылык кылып, оорунун жайылып кетишине жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды.

«Бизде азыр согуштук кырдаал - өзгөчө абал жарыяланып отурат. Ушундай шартта шалаакылык кылып, тиешелүү деңгээлде иш алып бара албай, оорунун жайылып кетишине жол берди деп кылмыш жоопкерчилигине тарткыла. Прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек. Азыр бизди вирус эмес, кайдыгерлик, шалаакылык жок кылат», - деди Иманалиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министир Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 14-апрелде кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө абал учурундагы иши тууралуу маалыматын угуп жатат. Күн тартибинде экономика, саламаттык сактоо, сырттагы кыргызстандык жарандарды мекенге алып келүү жана башка маселелер коюлган.

Депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт мүчөлөрү маалымат берип жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG