Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Окуучуларга телефондон психологиялык жардам берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүндө ыкчам байланыш номери иштей баштайт. Бул тууралуу 14-апрелде Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, телефон аркылуу дистанттык окутуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам, ал эми окуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

Министрликтин маалыматына караганда, облустук билим берүү борборлорунун адистери жана ар бир мектептин соцпедагогу аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ата-энелерине телефон аркылуу психологиялык жардам көрсөтөт.

Ушундай эле милдет ар бир мектептин директоруна, тарбия иштери боюнча орун басарына, социалдык педагогдорго жана класс жетекчилерге жүктөлдү.

18-марттан 14-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 430 адамга жукту. Оорунун айынан өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер да убактылуу жабылган. Учурда окутуу дистанттык негизде жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG