Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Акаев: Оштогу дарыгерлерге өкмөт убада берген 47 миң сом тие элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ош шаарындагы коронавирус жуккан адамдарды дарылап жаткан дарыгерлер өкмөт убада берген 40 миң сомдун айланасындагы акчасын ала албай жатканын билдирди:

«Мага кайрылып атышат, бүгүнкү күнгө чейин ала элек экен. «Күн сайын банк карточкабызды карайбыз, жок» деп айтышты. Сиздер «берилди» деген маалымат берип жатасыздар», - деди Акаев.

Депутаттын суроосуна жооп берген саламаттык сактоо министри 14-апрелге карата коронавируска каршы күрөшүп иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары берилүүчү 6 600 миң сом которулуп берилгенин, 15-апрелге карата таратылып бүтөрүн билдирди. Министрдин айтымында, тизмелер такталып жатат, айрым тизмеге медицинага тиешеси жок техникалык кызматкерлерди да киргизип коюп жатышкандыктан, март айындагы сый акы берүү бир аз кечиктирилип жатат, апрелде андай болбойт.

Өкмөт коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине март айынан тартып 38 миң сомдон 48 миң сомго чейин кошумча айлык акы төлөнүп берилерин билдирген.

Мындан тышкары иш учурунда коронавирус жугузуп алган медициналык кызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация, ал эми оорудан көз жумган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт. Тиешелүү токтомду өкмөт кабыл алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG