Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:35

Жээнбеков парламент жана өкмөт жетекчилери менен соңку жагдайды талкуулады


Жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. 14-апрель, 2020-жыл.
Жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. 14-апрель, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков, фракция жетекчилери жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп, коронавируска байланыштуу абалды талкуулады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда вирустан улам коюлган чектөөлөрдү алып салуу али эрте экени айтылды.

Парламенттин жана өкмөттүн жетекчилери өзгөчө абал режимин узартуу туура болорун баса белгилешти.

Парламенттик фракциялардын лидерлери өзгөчө абал узартылса ишкердикти, калктын жардамга муктаж катмарын колдоо, экономикалык стимулдаштыруу жагдайлары боюнча өкмөткө бир катар сунуштарын айтышты. Алар медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылуу, элге жардамды жана дарыгерлерге коргонуу каражаттарын бөлүштүрүүдө бюрократияны азайтуу керек экенине көңүл бурушту.

Президент түзүлгөн кырдаалда элдин коопсуздугу жана ден соолугун коргоо биринчи кезектеги маселе экенин белгиледи.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430 адамга жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылды. Муну адистер оорунун жайылышы туу чокусуна жете электиги менен негиздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG