Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Вице-премьер: Кыргызстанда газдын кымбатташы келишимден көз каранды


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Орусиянын «Газпром» компаниясы Кыргызстанга саткан жаратылыш газынын баасы тараптардын кабыл алган келишиминен көз каранды болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги биргелешкен комитет жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

«Келишимде бул жакка келип жаткан газдын баасы доллар менен бекитилген экен. Нормативдик келишимге ылайык ай сайын курска (доллардын) жараша тарифтин өлчөмү кайрадан эсептелип турат экен. Бирок, сиз туура айтып атасыз, дүйнөдө мунайдын, газдын баалары түшүп атат».

Вице-премьердин айтымында азыр бул жагдайды иретке келтирүү максатында мунайдын, газдын эсеп-кысаптарын долларга байлабай, улуттук валютага өткөрүү боюнча ЕАЭБдин алкагында маселе көтөрүлүп жатат.

Орусиялык «Газпром» компаниясы Кыргызстанга саткан жаратылыш газынын ар бир миң кубу 250 доллардан сатылып жатканы кабарланды.

Тажикстан ушу тапта эки тараптуу келишимге ылайык Өзбекстандан жаратылыш газын 120 доллардан сатып алууда.

2013-жылы Орусиянын «Газпром» компаниясы «Кыргызгазды» шарттуу түрдө бир долларга сатып алып, «Газпром - Кыргызстан» ишканасын түзгөн. (KJ)

XS
SM
MD
LG