Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Газдын баасы көтөрүлбөй турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калды. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү.

Мындай макулдашуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев сүйлөшкөндөн кийин жетишилген.

Сүйлөшүү учурунда Болот Абилдаев коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, мурдагы тарифти ордуна кайтарарын маалымдады. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром Кыргызстан» компаниясына социалдык жоопкерчилик көрсөткөндүгү үчүн алкыш айтты.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаткан. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баалардын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.

Газдын баасына байланышкан маселени Жогорку Кеңештин комитеттеринин 14-апрелдеги биргелешкен жыйынында да депутаттар көтөрүп, ага вице-премьер министр Эркин Асрандиев:

«Келишимде бул жакка келип жаткан газдын баасы доллар менен бекитилген экен. Нормативдик келишимге ылайык ай сайын курска (доллардын) жараша тарифтин өлчөмү кайрадан эсептелип турат экен», - деп жооп берген.

Вице-премьер ошондой эле эсеп-кысаптарды улуттук валютага өткөрүү боюнча ЕАЭБ алкагында сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.

2013-жылы Орусиянын «Газпром» компаниясы «Кыргызгазды» шарттуу түрдө бир долларга сатып алып, «Газпром - Кыргызстан» ишканасын түзгөн. (KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG