Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

«Жарандык көзөмөл комитети» Кимсановдун коопсуздугу боюнча президентке кайрылды


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды делген сүрөтү (Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын "Фейсбук" баракчасынан алынды).
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды делген сүрөтү (Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын "Фейсбук" баракчасынан алынды).

«Жарандык көзөмөл комитети» президент Сооронбай Жээнбековго багытталган мындай кайрылууну коомчулукка «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыялады. Кайрылууда комитет Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Эмилбек Кимсановдун саламаттыгына жана коопсуздугуна президенттин да жоопкерчилиги бар экенин эскертип, анын керт башынын жана психологиялык абалынын саламаттыгын камсыз кылып берүүнү талап кылган.

Комитет Акыйкатчынын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлеринин камактагы Кимсановго тоскоолдуксуз кирип турушун камсыз кылууга президенттин укугу жана саясий эрки жетерине ишеним арткан.

«№1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалганы тууралуу маалымат кайдыгер калтырылбашы керек. Кимсанов - бажы системасындагы коррупцияга Райымбек Матраимовдун ролу тууралуу коомчулукка жана тергөөгө ачык айтып бере турган адам. Анын тергөө абагына атайын максатта камалганынан күмөнүбүз жок. Учурда Кимсановдун өмүрү коркунучта турат», деп айтылат кайрылууда.

«Жарандык көзөмөл комитети» социалдык тармактарда Эмилбек Кимсановдун «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновду Прагадан алып келүү боюнча Райымбек Матраимов тапшырма бергени, Кимсанов Матраимовдун буйругу менен кармалып келгени тууралуу айтылган видео жана башка маалыматтар тарап жатканын да белгилеген.
Президенттик аппарат «Жарандык көзөмөл комитетинин» бул кайрылуусуна комментарий бере элек.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов тергөө абагында сабалганын, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 13-апрелде маалымдаган. Кимсановдун аялы Мария Заворотняя да күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, анын каруусу көгала болгон сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, тынчсыздануусун билдирген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты кескин четке каккан.

Ал эми Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ал башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде «Азаттыкка» кабарлады. Сот мындай өтүнүчтү Башкы прокуратура бергенин билдирди. Ишти тергеп жаткан ИИМ да, Башкы прокуратура да буга түшүндүрмө бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG