Парламент комитеттеринин 14-апрелдеги жыйынында депутаттар чет мамлекеттерден келе албай турган кыргызстандык жарандарды алып келүү маселесин көтөрүштү. Алар өкмөттөн сырттагы мекендештерди алып келиш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну талап кылышты. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бул үчүн Кыргызстанда алтын казып, пайда таап жаткан төрт ишкананы пайдаланууну сунуш кылды:
«30 жылда «Кумтөр» алтын казып, 5 млрд. доллар пайда тапты. 30 жылдан бери мигранттар бизди багып келди. Ошол убактан бери бизден жардам сураган жок. Эми биринчи ирет жардам сурап атса, аны аткаруу - өкмөттүн милдети! Таластагы «Жерүй», Ала-Букадагы «Чаарат», Кеминдеги «Алтынкен», «Кумтөрдү» айткыла, каржылап, алып келип берсин!»
Депутат Руслан Казакбаев бийлик мигранттарды алып келбесе, чоң чатак чыгарын белгиледи.
Депутаттардын суроолоруна жооп берген биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов пандемияга байланыштуу бардык өлкөлөрдүн аба мейкиндиктери жабык экенин эске салды. Анын айтымында, ошого карабай өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери чартердик рейстер менен сырттагы жарандарды алып келүү иштери жүргүзүлгөн.
Расмий маалыматтар боюнча учурда 4371 кыргызстандык чет өлкөлөрдөн келе албай жатат. Алардын ичинде басымдуу бөлүгү Орусиядан, 400дөй жаран Түркиядан келе албай жатат. Булардан тышкары Европа жана башка алыскы чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктар да бар экени кабарланган.
Чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктар «Азаттыкка» да бир нече ирет кайрылып, акча-каражаттары жок калганын, айрымдарынын барар жери жок экенин айтышкан. (ZKo)