Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Өзбекстанда коронавирус жуккандар миң кишиден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда соңку бир күн ичинде коронавирус дагы 56 адамдан табылды, ошентип бул ооруга чалдыккандардын жалпы саны 1054 кишиге жетти. Өлкөнүн башкы санитардык инспектору Нурмат Отабековдун маалыматы боюнча, ушул тушта ооруканаларда 200дөн ашык адам дарыланып жатат, алардын он чактысынын абалы оор.

Жалпысынан Өзбекстанда өпкөнү сезгенткен оорудан 85 адам айыгып чыкты, төрт адам көз жумду.

Өзбекстанда вирусологилык лабораториялар күнүгө сегиз миңдей тестти текшерип жатат. Бүгүнкү күнгө карата тест тапшыргандардын саны 100 миң адамдан ашты.

Ал арада Өзбекстан мусулмандар башкармалыгы карантин маалындагы орозого байланыштуу фатва чыгарды. Ага ылайык, жамааттык ооз ачар иш-чараларына жана мечиттерде намаз окууга тыюу салынды. Өзбекстандын муфтиятынын сайтында мындай чечим Кыргызстан менен Казакстандагы мусулмандар башкармалыктары менен чогуу-чаран талкуулагангандан кийин кабыл алынганы айтылат.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы буга байланыштуу маалымат тарата элек.

XS
SM
MD
LG