Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги «Бохтар шаарындагы ооруканада иштеген бир жумушчу коронавирустан каза болду» деген маалыматты четке какты. Министрлик дүйшөмбү күнү кечинде тараткан маалыматта Оишамох Алимова «пневмониядан улам козголгон бир катар оорулардын айынан каза болгон» деп айтылат. Бул билдирүүдө 58 жаштагы аял ооруканада ким болуп иштегени айтылган эмес.
«Азаттыктын» тажик кызматы Оишамох Алимова ооруканада пол жууп иштеп жүргөнүн жазды. Ага ылайык, маркум кошумча акчага оорукананын карантин жарыяланган бөлүмүн да жууп-тазалаганга макул болгон. Бул ооруканада Орусиядан кайтып келген 400дөн ашык адам карантинде жатат.
Оорукананын дарыгерлери «Азаттыктын» тажик кызматына Алимова жүрөк оорусунан каза болгонун билдиришкен. Маркумдун сөөгү жакындарына берилген жана райондук бейитке көмүлгөн.
Тажик бийлиги «өлкөдө коронавируска чалдыккандар жок» деп билдирип келет. Ушул жылдын февраль айынан 13-апрелге чейин өлкөгө сырттан 7,5 миңден ашык адам кайтып келген. Алардын эки миңге жакыны карантинге алынган.