Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Жээнчороев Башкы прокуратурадан күч кызматкерлерин тартипке салууну талап кылды


Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика» саясий партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өзгөчө абалга байланыштуу тартип бузган адамдарды видео тасмага тартып, аны социалдык тармактарга жарыялаган милиция кызматкерлерин жоопко тартууну башкы прокурордон талап кылды. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жарандарды айткан сөзү үчүн кечирим суратып, аны тасмага тартып, социалдык тармактарга тараткан кызматкерлеринин жоопкерчилигин мыйзам чегинде кароону сунуштады.

«Кечээ соцтармакка тараган видео тасмадай кылып, милиция кызматкерлери, комендатуранын адамдары таратып, жайып атканы башка кылмыштарга жол бериши мүмкүн, зомбулукка жол бериши мүмкүн. Ошондуктан муну токтотуш керек. Азыр дарыгерлер ызаланып турат. Аларды да кысым кылып, кечирим суратып, видеосун таратканды токтоткула. Башкы прокурор катары ар бир ошондой видеонун артында турган күч кызматкерлери мыйзам чегинде жооп берерин айтып, эскертиңиз», - деди Мирлан Жээнчороев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул көрүнүштөр иликтенээрин айтты.

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөн кыздын видеосу 13-апрелде Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул тасманы тартып, аны Интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерин жоопко тартуу туура болорун да айтып чыккандар болду.

Видеодогу аты ачык айтылбаган кыз Жазык кодексинин «Ээнбаштык» деген беренеси боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлады.

Бир аз күн мурда үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараган. Бул көрүнүш үчүн социалдык түйүндөрдө УКМКны айыптап жатышат.

14 апрелде УКМК ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жалган маалымат жарыялап тараткандар, алардын арасында медицина кызматкерлери да аныкталганын, бул фактыларга юридикалык баа берилерин кабарлады. Ошол эле учурда атайын кызмат Ысык-Атадагы дарыгер Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөрүлбөгөнүн билдирди. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG