Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Жээнбеков: ЕАЭБдин ичинде товар айлантууга чектөө болбошу керек


Евразия экономикалык кеңешинин (ЕЭК) жыйыны. 14-апрель, 2020-жыл.
Евразия экономикалык кеңешинин (ЕЭК) жыйыны. 14-апрель, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында товарларды экспорттоого же импорттоого чектөө киргизилбеши керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-апрелде Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жыйынында айтты.

«Биримдиктин алкагындагы элди негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылыш үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. ЕАЭБдин ичинде социалдык маанидеги товарларды өз ара соода кылууга чектөө киргизилбеши керек», - деди президент.

Жээнбеков коронавируска байланыштуу чек араларды жабууга мажбур болгон шартта гуманитардык жүктөрдү, азык-түлүк товарларын жана медициналык каражаттарды жеткирип турууга «жашыл коридорлорду» уюштуруш керек экенин кошумчалады. Ал ошондой эле өлкөлөр ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлүп келе турган товарлардын тизмесин аныктоону сунуш кылды.

«Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан медициналык буюмдарды ташып кирүүгө болгон бажы төлөмдөрүн нөлгө теңөө боюнча чара көрүлүшү зарыл деп эсептейбиз. Биримдиктеги өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн социалдык маанидеги товарларга карата да ушундай эле чара көрүлүшү керек», - деди Жээнбеков.

Кыргызстан буудайды жана унду негизинен Казакстандан импорттойт. Пандемиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан 26-марттан тартып дан жана дан азыктарын сыртка сатууга тыюу салган. Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен казак тарап айына 30 миң тоннадан ашык эмес ун чыгарып турууга уруксат берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG