Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде коронавирусту аныкташ үчүн 20 миң анализ чыгарууга жеткидей 200 ПЧР тест-системаларын берди.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча ПЧР тест-система топтомдору Кыргызстанга 15-апрелде жеткирилет.
14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 430 адамга жукту, бешөө каза болуп, 71 адам айыгып чыкты. Ооруканада жаткан 13 бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.
Вирус жуккан 430 кишинин арасында 83 медицина кызматкери бар. Бул жалпы бейтаптардын 18,5% түзөт. (BTo)