Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Казак аймагы тууралуу макаладан улам Нур-Султан Бээжинге нота жөнөттү


Кытайдын Казакстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кытай маалымат каражатындагы Казакстандын аймагы тууралуу макалага байланыштуу Кытайга каршылык жөнөттү. Ал макаланын автору «Казакстан ушул тушта ээлеп турган аймак бир кездерге Кытайга таандык болгон» дегендей мазмунда бүтүм чыгарган.

«Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болду. Анда казак тарап www.sohu.com сайтындагы «Эмнеге Казакстан Кытайга кайтып келгенге умтулат?» деген макалага байланыштуу каршылык айтылды», деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Министрлик тараткан маалыматта, «макала былтыр сентябрь айында Бээжинде кол коюлган эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биргелешкен макулдашууга төп келбейт», деп белгиленген.

Кытай Казакстандын төртүнчү ири инвестору болуп эсептелет жана насыя берген өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунда турат.

Казак коомчулугунда соңку кездери Кытайга каршы маанай күчөдү жана бул ар кандай нааразылык акциялары менен коштолгон.

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG