Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү


Жалал-Абаддагы блокпост. 3-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абаддагы блокпост. 3-апрель, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Эми бул аймактарда 16-апрелден тартып 21:00дөн таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилет. Тиешелүү буйрукка Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков кол койду.

Андан тышкары мурда 16-апрелге чейин берилген өткөрмө уруксат кагаздардын жарактуу мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди. (RsK)

XS
SM
MD
LG