Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануунун видеосабактары «Билим жана илим» (ЭлТР) каналынан эфирге бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал сабактарды «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору даярдаган.
Видеосабактар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки ирет - эртең мененки саат 8:05тен 8-45ке чейин жана 17:55тен 18:40га чейин эфирге коюлуп жатат.
Ушул эле сабактар «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борборунун сайтында да бар: http://www.testing.kg/kg/
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги IV чейректи окутууну 8-апрелден тартып онлайн жүргүзүп жатат. (BTo)